ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада өспүрүмдөр арасында бокс боюнча мелдештер өткөрүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында, Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын бокс залында, Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 1998-1999-жылы туулган өспүрүмдөр арасындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин биринчилигинин ачылышы болуп өттү.

Мелдештерге баардыгы 106 боксчу катышууда.

Мелдештерде биринчи үч орунга ээ болгон боксчулар, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча Чемпионатына катышууга укук алышат. Бокс боюнча республиканын биринчилиги ушул жылдын апрель айында башталат.

Аталган мелдештер Бишкек шаарынын курама командасынын курамын тандап алуу жана күчтөө максатында өткөрүлүүдө.