ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдештер өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдештер өткөрүлөт.

Эл аралык мелдештерди  Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети Ленин райондук спорт мектеби, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү федерациясы жана КР Өкмөтүнө караштуу дене-тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте өткөрүүдө.

Аталган мелдештер интернационалчы-жоокер, Кызыл Жылдыз орденинин ээси Виктор Москальченконун жаркын элесине арналат.

Мелдештерге 1997-1998-жылы туулган 42, 46, 50, 54, 58, 63, 69, 76, 85, 100 кг жана андан жогорку салмактагы балбандар катышат.