ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда маммографиялык изилдөөлөр кабинети ачылды

Бишкек шаардык №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун администрациясы маммографиялык изилдөө жабдууларын орнотуу боюнча “Эргэнэ” коомдук фонду менен келишим түзгөн.

Учурда аталган медициналык мекеме маммографиялык жабдуулар менен камсыздалды. Маммографиялык аппарат аркылуу текшерүүлөр минималдык төлөмдөр менен жүргүзүлөт. Бир жолку текшерүүнүн баасы 1150 сомду түзөт, ал эми мамлекеттик гарантиялар Программасында каралган жеңилдетүүлөрдүн негизинде, бул категорияга кирген адамдарга 70% жеңилдетүүлөр берилет.

Аппараттын тейлөө жөндөмү боюнча күнүнө 15 адам текшерүүдөн өткөрүлөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы 10 күндүн ичинде даяр болот. Текшерилүү үчүн өтүнмөлөр түз жана телефон аркылуу кабыл алынат.

№1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору республикалык Улуттук онкология борбору жана башка онкологиялык мекемелер менен жакындан кызматташууну белгилөөдө.  

Кызыктырган баардык суроолор менен +996 312 644536 телефонуна же  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дареги боюнча кайрылууга болот.