ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын концерттик залында Маргарита Лепшинанын жеке концерти өтөт

Бүгүн, 18-февралда саат 15-00до К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын концерттик залында Бишкек шаардык №6-музыкалык мектебинин окуучусу Маргарита Лепшинанын жеке концерти өтөт. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынан билдиришти.

Концертке Кыргыз Республикасынын маданият министри С.Раев., Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Ракишев М., Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, шаардын окуу жайларынын жетекчилеринин, элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Концерттик программаны көрүнүктүү искусство чеберлери, А.Жумакматов атындагы малекеттик академиялык симфониялык оркестр коштойт.