ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

14-февралда Сочи шаарындагы Олимпиадалык оюндарга арналган «Баардыгыңар лыжа тебүүгө» деген аталышта кышкы спорт майрамы өткөрүлдү

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Стрельниково айылында жайгашкан спорт базасында, Сочи шаарындагы Олимпиадалык оюндарга арналган “Баардыгыңар лыжа тебүүгө” деген ураан алдында кышкы спорт майрамын өткөрдү.

Спорттук иш-чараларга Бишкек шаарынын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, социалдык мекемелеринин балдары жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинен өкүлдөр катышты.  Кышкы спорттук майрамга жалпысынан 400 дөн ашуун балдар катышты.

Программага чана, лыжа тебүү жана ар кандай көңүлдүү оюндар киргизилген.

Шаардык дене-тарбия жана спорт комитети кышкы спорт майрамын экинчи ирээт өткөрдү.

Спорттук иш-чаралар спортту, сергек жашоону пропагандалоо жана шаар тургундарынын активдүү эс алуусун уюштуруу максатында өткөрүлүүдө.