ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы өткөргөн санитардык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө шаардын Свердлов районундагы айрым чарба субъекттеринде шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык талаптардын бузулушу аныкталды.

Курманжан Датка көчөсү, 276 дарегинде жайгашкан “Айгүл” дүкөнүнүн, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бегемот” гамбургер сатуучу мекеменин кызматкерлери тарабынан кургак таштандыларды баш аламандыкта таштап, сугаруу тармактарын таштандыларга толтуруп, өздөрүнө тиешелүү жерлерди антисанитардык абалда кармоо фактысы катталды.

Рейддин жыйынтыгы менен “Айгүл” жана “Бегемот” мекемелеринин ээлеринин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.