ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында турак-жайларда электрэнергиясын эффективдүү пайдалануу маселеси боюнча эл аралык семинар өткөрүлөт

“Турак-жайларда электрэнергиясын эффективдүү пайдалануу маселелери боюнча мыйзам ченемдеринин бет ачаары” жана "ESIB Кеңешине кирген өнөктөштүк өлкөлөрүндөгү пилоттук долбоорлор” деген аталыштагы семинарлар Бишкек шаарында 2014-жылдын 18-19-февралында “Ак кеме” мейманканасында өткөрүлөт.

Иш-чаралар ESIB Кеңешинин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Семинардын негизги максаты - Турак-жайларда электрэнергиясын эффективдүү пайдалануу маселелери боюнча мыйзам ченемдеринин бет ачаарын 11 өлкөдө өткөрүү жана өнөктөш өлкөлөрдүн турак-жай секторунда электрэнергиясын эффективдүү пайдалануу боюнча чараларга көңүл буруу болуп саналат.

Эл аралык семинардын ишине өнөктөш өлкөлөрдүн - Армения, Беларусь, Украина, Грузия, Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан, Узбекистан жана Тажикистандын, КР Евросоюздун делегациясынын, КР энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Мамлекеттик курулуш комитетинин, Бишкек  шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышат.