ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрдү

Свердлов райондук администрациясы советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрдү. Иш-чарага интернационалчы-жоокерлер, курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Свердлов райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова куттуктоо сөз сүйлөдү, салтанаттуу иш-чарага чакырылгандарга концерттик программа тартууланды.

Райондук администрация тарабынан афган согушунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 7 000 сом, майып болгон жоокерлерге 5 000 сом, согушка катышкан жоокерлерге 1 000 сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Жалпысынан 188 жоокерге жана алардын жакындарына материалдык жардамдар көрсөтүлдү.