ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БАШ КАЛААДА “ЭРКЕКТЕРДИН ДЕН-СООЛУГУНУН ЖУМАЛЫГЫ” ДЕГЕН АТАЛЫШТА АКЦИЯ жыйынтыкталды

Мурда маалымдалгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 15-февралына чейин “Эркектердин ден-соолук жумалыгы” акциясын өткөрдү. Жумалыктын жүрүшүндө урологиялык оорулар текшерилип, акысыз кеңештер берилет.

Бишкек шаарынын башкы урологу Акматов Нурдандын билдирүүсү боюнча, аталган акция шаардын баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, студенттер бейтапканасында, спорт медицина борборунда, №1-шаардык клиникалык ооруканасында жана №3-балдар клиникалык ооруканасында өткөрүлдү,

Акция жума бою өткөрүлүп, шаардын  медициналык мекемелерине 4184 мырзалар  кайрылды, алардын 373ү   таза саламатчылыкта экендиги аныкталды.

Шаардын башкы урологу Н.Акматов: “Кайрылгандардын дээрлик көпчүлүгү, же болбосо 45% өнөкөттүү простатит, жыныстык бездин шишиги  18%, тукумсуздук  оорусу менен 8% жапа чегишээри аныкталды”,-деп белгиледи.

“Эркектердин ден-соолугунун жумалыгы” акциясынын 10-февралдан 15-февралга чейинки отчету.

Хр.простатит - 1884        
ДГПЖ - 718
Хр.пиел. - 358
МКБ - 215
Тукумсуздук - 110
Бөйрөк кистасы - 43
Варикоцеле - 68
Гидроцеле - 38
Уретрит - 76
Энурез - 10
Мед. кароо - 195
Ден-соолугу таза - 373
Баардыгы – 4184