Ош базарынын айланасында баш аламандыкта соода кылууну жана автоунааларды уруксатсыз токтотууну жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө
- Подробности
- Опубликовано 14.02.2014 17:08
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы райондук ички иштер башкармалыгы, салык инспекциясы менен биргеликтеОш базарынын айланасында баш аламандыкта соодо кылууну жана автоунааларды уруксатсыз токтотууну жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө, кол арабалардын үстүндө мыйзамсыз соода кылуунун 15 түйүнү, товарлары менен конфискацияланды.
Кол арабалар шаардык милициянын бөлүмүнө тапшырылып, ээлерине салык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан административдик айыптар чегерилди.
Ошону менен бирге автоинспекция кызматкерелери автоунааларды мыйзамсыз токтотууну жоюп, тартипке келтирүү боюнча иштерди аткарып жатышат.
Бул багытта иш-чараларды алып баруу үстүбүздөгү жылдын 8-январында башталган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |