ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада 2014-жылдын 20-февралында эмгек жарманкеси өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 2014-жылдын 20-февралында эмгек жарманкесин өткөрөт.


Эмгек жарманкесинин негизги максаты - Октябрь районунун мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү, калкты тиешелүү маалымат менен камсыз кылуу, жарандарга кесиптик билим алууга чакыруу болуп саналат.

Аталган иш-чарага шаардык 14 кесиптик-техникалык лицейлердин жамааттары катышып, кесиптер жөнүндө түшүнүк беришет, Октябрь райондук 16 орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, 20га жакын ишкана-мекемелердин өкүлдөрү катышат.

Эмгек жарманкесине келген жарандар керектүү кеңештерди, сунуштарды жана бош кызматтар жөнүндө маалыматтарды ала алышат.

Жарманке саат 10-00до №88-орто мектепте, “Көк-Жар” конушу, Куйручук көчөсү дарегинде өткөрүлөт.