ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык транспорт башкармалыгы билдирет

АКИpress маалымат агенттигинин “Мен-репортермун” рубрикасына №264-маршруттагы В 8425 АХ мамлекеттик номерлүү кичи автобусунун айдоочусу тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө жайгаштырылган видеоматериалды  карап чыгып, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет:


видеоматериалда кичи автобустун мамлекеттик номери, маршруттун номери таасын көрсөтүлгөн эмес. Ошого байланыштуу “Куюн” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Нурмуканбетов тиешелүү чараларды кабыл ала албайт.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы, “Мен-репортермун” рубрикасынын окуучуларынан фото жана видеомаалыматтарды так, таасын даярдап жиберүүсүн өтүнөт.

Ал эми ушул эле рубрикага 11.02.2014-ж. жарыяланган №114 жана №214-маршруттардын иштери  боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.