Шаардык транспорт башкармалыгы билдирет
- Подробности
- Опубликовано 14.02.2014 14:00
АКИpress маалымат агенттигинин “Мен-репортермун” рубрикасына №264-маршруттагы В 8425 АХ мамлекеттик номерлүү кичи автобусунун айдоочусу тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө жайгаштырылган видеоматериалды карап чыгып, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет:
видеоматериалда кичи автобустун мамлекеттик номери, маршруттун номери таасын көрсөтүлгөн эмес. Ошого байланыштуу “Куюн” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Нурмуканбетов тиешелүү чараларды кабыл ала албайт.
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы, “Мен-репортермун” рубрикасынын окуучуларынан фото жана видеомаалыматтарды так, таасын даярдап жиберүүсүн өтүнөт.
Ал эми ушул эле рубрикага 11.02.2014-ж. жарыяланган №114 жана №214-маршруттардын иштери боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |