Бишкек шаарынын Ленин районунда советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 14.02.2014 13:26
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонисында Бишкек шаарынын Ленин районундук администрациясы советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрдү.
Иш-чарага афган согушуна катышкан интернационалчы-жоокерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ЖОЖдун студенттери, мектеп окуучулары катышты. Катышуучуларга концерттик программа тартууланды.
Интернационалчы-жоокерлерди Ленин райондук администрация башчысы Ы.Маткабылов куттуктап, Ардак Грамоталарды, баалуу сыйлыктарды, жана афган согушунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардамдарды тапшырды.
Афган согушуна катышкан жоокерлердин:
255и согуштун катышуучулары, 12си согуштун майыптары жана 6 жоокер согушта курман болушкан.
Иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом бөлүнгөн.
Афган согушунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 7000 сом;
Согуштун майыптарына 5000 сом;
Согуштун катышуучуларына 1000 сом өлчөмүндө материалдык жардамдар берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.02.2014-жылдагы №88-Токтмуна ылайык, советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 25 жылдыгына карата, афган согушунун ардагерлерине жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен төмөндөгү материалдык жардамдар берилмекчи:
Курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө – 5000 сом;
Согуштун майыптарына – 5000 сом;
Согуштун катышуучуларына – 1000 сом.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |