ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрация башчысы шаар тургундары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү

2014-жылдын 13-февралында шаардык №83-орто мектепте Биринчи май райондук администрация башчысы А.Алиев кварталдык комитеттердин, үй башкармалыктарынын жана №15-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө калктын тиричилик шарттары, кышкы жылытуу мезгилинин өтүшү, шаарды санитардык тазалоодон өткөрүп, көрктөндүрүү маселелери такууланды. Райондук ИИБнын участкалык инспекторлорунун отчеттору угулду.

Иш-чарага активдүү катышкан шаар тургундары, коомчулуктун өкүлдөрү жергиликтүү бийликтин жетекчисине өз суроолорун, сунуштарын беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген сунуштар, кайрылуулар боюнча райондук, шаардык кызматтарга көрсөтмөлөр берилип, участкалык инспекторлордун кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милдеттери белгиленди.