ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын май айында Бишкек шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлеринин, архитекторлорунун “Материкти багындырган долбоорлор” деген аталышта курултайы өтөт

2014-жылдын май айында Бишкек шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлеринин, архитекторлорунунVI Курултайы өтөт. Курултайдын ишине түрк тилдүү өлкөлөрдүн көрүнүктүү окмуштуулары, коомчулуктун өкүлдөрү катышмакчы.

Курултай Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлөт.

Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги курултайды өткөрүүгө колдоо көрсөтөт. Курултайга түрк тилдүү өлкөлөрдүн Президенттеринин катышуусу күтүлүүдө.

Курултайдын уюштуруучулары – Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер Кеңеши, ТҮРКСОЙ, ТүркПА, Түрк Кеңеши, Муниципалитеттер Кеңеши, Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар жана искусство ишмерлер Фонду. Курултайдын негизги максаты – “Тилдин, көз караштын, ишмердиктин биргелиги”.

VI  Курултайды  2014-жылдын 19-24-майында, “Материкти багындырган долбоорлор”деген аталышты өткөрүү пландаштырылууда.

Курултайдын күн тартибинде инженердик, архитектуралык, шаар куруунун алдыңкы стандарттары каралмакчы.

Эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү Курултай өз реолюциясында “Түрк дүйнөсүнүн маданий борборун” атап келет. 2012-жылы Астана (Казакстан), 2013-жылы Эскишехир (Түркия), 2014-жылы Казань (Татарстан) шаарлары аталган. 2015-жылы мындай аталышка Бишкек шаары көрсөтүлүүдө.

Курултайдын иши кеңири программадагы маданий иш-чаралар менен коштолот.