ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы Койбагаров көчөсү, №85 дарегинде жайгашкан техникалык тейлөө станциясы тарабынан шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин жана санитардык талаптардын бузулушун аныктады.


Ишкананын айланасына кургак таштандылар баш аламандыкта чачылып, “Тазалык “ муниципалдык ишканасы менен 2013-2014-жылдарга кургак таштандыларды чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн эмес.

Рейддин жыйынтыгында ишкананын ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.