ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында өткөрүлгөн кеңешмеде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гендердик саясат боюнча жүргүзгөн иштери талкууланды

2014-жылдын 12-февралында, Бишкек шаарынын мэриясында “2020-жылга чейин гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясын” жана “2012-2014-жылдары Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планын” ишке ашыруу максатында  Консультативдик Кеңештин жыйыны өткөрүлдү.


Кеңешмеге “Аялдарды колдоо” борборунун президенти Р.Айтматова, шаардык Кеңештин депутаттары, “Эрайым” уюмунун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө “Гендердик теңчиликти өнүктүрүү максатындагы өнөктөштүк” долбоорунун алкагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гендердик саясат боюнча аткарган иштери талкууланды.

Аталган долбоор “Эрайым” айымдардын коомдук бирикмесинин жана “Аялдарды колдоо борбору” кичи гранттар фондунун коомдук бирикмесинин демилгеси менен ишке киргизилген.

Аталган долбоор боюнча иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын апрель айында жыйынтыкталат.

Долбоордун негизиги максаттарынан болуп – шаардык муниципалитетте “Гендердик клуб” түзүү менен, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин, шаардык Кеңештин депутаттарынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн  бул багыттагы иштеринин деңгээлин жогорулатуу жана тренингдерди өткөрүү жолу аркылуу маалыматтар менен камсыз кылуу саналат.