ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы, кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, “Жал” кичи районундагы № 74-үйдүн айланасында шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык талаптарды одоно бузууларга жол берилгендигин аныктады.


Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган үйдүн № 45-батиринин жашоочулары курулуш таштандыларын жана кургак тиричилик таштандыларын үйдүн айланасына баш аламандыкта ташташары далилденди.

Рейддин жыйынтыгы менен батирдин ээсинин атына, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.