ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардагы канализациялык кудуктар темир люктар менен жабылышы талап кылынат

“Бишкексууканал” ишканасына Ленин райондук ИИБгы канализациялык люктардын уурдалышы боюнча кайрылган. Кайрылууда люктарды уурдоо фактысы менен “Бишкексууканал” ишканасынын  жумушчусу Ж.Адилет аттуу жаран кармалгандыгы билдирилген. Ишкананын маалыматы боюнча, аталган жаран 2012-жылдын 31-августунда жумуштан бошонуп кеткен.


“Бишкексууканал” ишканасы канализация люктарын уурдоого жол бербөө  боюнча көрсөткөн жардамдары үчүн шаар тургундарына ыраазычылык билдирет жана шаардагы суу түтүктөрү жана канализациялык кудуктар темир люктар менен жабылышы шарт экендигин маалымдайт.

Ошону менен бирге канализациялык люктарды уурдоо фактылары боюнча “Бишкексууканал” ишканасына төмөнкү телефондар аркылуу маалымат берип турууну өтүнөт:56-29-43, 56-29-46, 44-95-97, 44-96-45, ишеним телефону: 59-51-56