ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Гендердик теңчиликти өнүктүрүү максатындагы өнөктөштүк” долбоорунун алкагында “Гендердик клуб” түзүү белгиленүүдө

2014-жылдын 12-февралында “2020-жылга чейин гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясын” жана “2012-2014-жылдары Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планын” ишке ашыруу максатында  Консультативдик Кеңештин жыйыны өткөрүлөт.


Иш-чаранын жүрүшүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гендердик саясат боюнча жүргүзгөн иштери талкууланмакчы.

Аталган долбоор боюнча иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын апрель айында жыйынтыкталат.

Долбоордун негизиги максаттарынын бири – шаардык муниципалитетте “Гендердик клуб” түзүү менен, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин, шаардык Кеңештин депутаттарынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн  бул багыттагы иштеринин деңгээлин жогорулатуу жана тренингдерди өткөрүү жолу аркылуу маалыматтар менен камсыз кылуу.

Аталган долбоор “Эрайым” айымдардын коомдук бирикмесинин жана “Балдарды колдоо борбору” кичи гранттар фондунун коомдук бирикмесинин демилгеси менен ишке киргизилген.

Кеңешмеге Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын кызматкерлери, гендер маселеси боюнча адистер катышат.