ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын каттоосунда 860 интернационалчы-жоокерлер турат

Азыркы учурда Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын каттоосунда 860 интернационалчы-жоокерлер, курман болгон 24 жоокердин үй-бүлөлөрү жана баткен окуяларында курман болгон 11 жоокердин үй-бүлөсү турат.


Интернационалчы-жоокерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү даректүү социалдык жардамдарды көрсөтүү каралган:

-         курман болгон 22 интернационалчы-жоокердин үй-бүлөсүнө квартал сайын 1000сом өлчөмүндө стипендия;
-         афган согушунда курман болгон 11 жоокердин үй-бүлөсүнө квартал сайын автоунаа үчүн 30 литр бензин;
-         афган согушуна катышкан жоокерлердин 250 балдарына 70,5 миң сомго жаңы жылдык белектер;
-         балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата интернационалчы-жоокерлердин 20 баласына белектер;
-         афган согушунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде бир жолку берилүүчү материалдык жардамдар көрсөтүлүп турат.

Мындан тышкары, аталган категориядагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жеңилдетүүлөрдүн орду акчалай берилет.

Советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылган күнүнө карата жыл сайын афган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү митингдери, райондук иш-чаралар, Гордеев ысымындагы спартакиада өткөрүлүп, материалдык колдоолор көрсөтүлүп турат.