Баш калаада “Эркектердин ден-соолугунун жумалыгы” деген аталышта акция өткөрүлүүдө
- Подробности
- Опубликовано 11.02.2014 12:31
Мурда маалымдалгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 15-февралына чейин “Эркектердин ден-соолук жумалыгы” акциясын өткөрүүдө. Жумалыктын жүрүшүндө урологиялык оорулар текшерилип, акысыз кеңештер берилет.
Акция шаардын баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, студенттер бейтапканасында, спорт медицина борборунда, №1-шаардык клиникалык ооруканасында жана №3-балдар клиникалык ооруканасында өткөрүлүүдө. Жумалыктын биринчи күнү медициналык мекемелерге 777 мырза кайрылган, алардын 43ү гана таза саламатчылыкта экендиги аныкталды.
“Эркектердин ден-соолугунун жумалыгы” акциясынын 10.02.2014-ж. отчету
Хр.простатит - 383
ДГПЖ - 148
Хр.пиел. - 70
МКБ - 30
Тукумсуздук - 21
Бөйрөк кистасы - 9
Варикоцеле - 14
Гидроцеле - 7
Уретрит - 29
Энурез - 3
Мед. кароо - 20
Ден-соолугу таза - 43
Баардыгы - 777
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |