ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын саламаттык сактоо мекемелерине видеокөзөмөлдөө системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө

2014-жылдын 10-февралына карата Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелерине видеокөзөмөлдөө системасын орнотуу иштери жүргүзүлө баштады.

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, №1, 3, 6, 7, 8, 15- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, студенттер бейтапканасына, шаардык эндокринология диспансерине, №4- стамотологиялык бейтапканасына, №1-шаардык клиникалык ооруканасына, балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына,травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна, шаардык перинаталдык борборуна, шаардык гинекологиялык ооруканасына, №1 жана №2-төрөт үйлөрүнө, балдардын адистештирилген үйүнө  видеокамералар орнотулду.



Жалпысынан саламаттык сактоо мекемелерине 17 видеокөзөмөлдөө системасы орнотулуп, дагы 4 күзөт агенттиги менен келишимдер түзүлдү.

Видеокөзөмөлдөө системасы, саламаттык сактоо мекемелерин кайтаруу, медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо жана медицина кызматкерлеринин коррупциялык аракеттерине бөгөт коюу максатында орнотулууда.

Видеокөзөмөлдөө системасын орнотуу иштерин  улантуу  саламаттык сактоо тармагын каржылоого байланыштуу болмокчу. Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти аткарылган иштер боюнча маалымат берип турат.