ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясында шаарды көрктөндүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүлдү

Шаарды көрктөндүрүү маселеси боюнча Биринчи май райондук администрация башчысы Жергиликтүү аймактык башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайлардын ректорлору, атайын орто, кесиптик жана жалпы билим берүү мекемелеринин, райондогу чарба субъекттеринин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.


Кеңешменин жүрүшүндө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, ишкана-мекемелердин, турак үйлөрдүн айланасында санитардык тазалыкты сактоо, таштандылардан, кар, муздан тазалоо, имараттардагы тышкы жарыктандыруунун абалын көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

Ошону менен бирге шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык талаптарды аткарбаган чарба субъекттерине карата административдик жаза колдонуу маселеси каралды.

Кеңешмеде каралып, бекитилген иш-чаралар боюнча шаарды таштандылардан, кардан, муздан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.