ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

11-февралда Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында Афган согушуна жана Баткен окуяларына катышкан жоокерлер үчүн иш-чара өткөрүлөт

Советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата жана интернационалдык милдеттерин аткарган жоокерлерди социалдык жактан колдоо максатында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы, үстүбүздөгү жылдын 11-февралында саат 10-00до Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында иш-чара өткөрүүнү белгилөөдө.


Райондук иш-чарага жалпысынан 168 афган согушунун катышуучулары, 12 афган согушунун майыптары, 2 баткен окуяларынын катышуучулары, афган согушунда курман болгон 3 жоокердин жана баткен окуяларында курман болгон 5 жоокердин үй-бүлөлөрү чакырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө, чакырылгандарга арналган аскердик-патриоттук концерт берилет жана материалдык жардамдар көрсөтүлөт.

Аталган иш-чараны өткөрүүгө райондук бюджеттен 339 400 сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Афган согушунун, баткен окуяларынын катышуучуларын, майыптарын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык, медициналык жактан тейлөө маселелери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын көзөмөлүндө турат.