ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында, саат 10-00до Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгынын ачылышын өткөрөт.


Иш-чараны уюштуруучулардын билдирүүсүндө, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы жаштарды илимди, илимдин ар кыл тармактарындагы ишмердиктин жаңы технологияларын изилдөөгө, алган билимдерин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө багыттоо максатында өткөрүлмөкчү.

Иш-чарага шаардык мектептердин 8-11-класстарынын 200 дөй окуучулары катышат.

Мектеп окуучуларынын бул багытта эң мыкты баага татыктуу болгон эмгектери, 2014-жылы Кыргызстанда өтүүчү Эл аралыкXIX астрономиялык олимпиаданын каталогуна киргизилмекчи.

Илимдин, техниканын жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы өз ишин 15-февралда И.Раззаков атындагы Техникалык университетте аяктайт.