ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы айдоочулардан жол эрежелерин сактоону талап кылат

АКИрress маалымат агенттигинин “Мен-репортермун” рубрикасына 2014-жылдын 27- жана 31-январында жарыяланган маалыматы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет:


“Түштүк Экспресс” Жоопкерчилиги чектелген коому тейлеген мамлекеттик номери В 09 46 F, №202-маршрутундагы кичи автобустун айдоочусу Бахариддин уулу А., мамлекеттик номери В 83 87 АR, №202-маршрутундагы кичи автобустун айдоочусу Абдрасулов Э. жол кыймылынын эрежелерин бузгандары үчүн үч күндүк мөөнөткө жумуштан четтетилди жана  жол кыймылынын эрежелерин бузууга дагы жол берилсе, эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда, бир тараптуу бузулары эскертилди.

“Байзак-Аска” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тейленген, мамлекеттик номери S 60 57 В, №258-маршрутундагы кичи автобустун айдоочусу Кулманбетов Б. жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн иштен бошотулду.