ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Павел Клименко: Келерки жумада шаарда баардык тротуарлар тазаланат

Баш калаада шаар жолдорун жана тротуарларды кардан, муздан тазалоо иштери күн сайын, үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Жолдорду, тротуарларды тазалоо иштерин күн сайын 530 жумушчу жүргүзүүдө. Шаардын борбордук көчөлөрү менен бирге кичи көчөлөрү да тазаланууда.

“Келерки жумада шаарда баардык тротуарлар тазаланып бүтөт. Жолдорго инерттик материалдарды себүү аба ырайынын шарттарына жараша жүргүзүлүүдө”,- дейт “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Павел Клименко.

Мындан тышкары, кийинки жумада “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кароосундагы эстеликтер текшерилип чыгып, аба ырайынын жылышы менен алардын айланасын тазалоо иштери жүргүзүлөт деп кошумчалады П.Клименко.