Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда электр энергиясын берүү кыска мөөнөткө токтотулат
- Подробности
- Опубликовано 06.02.2014 10:36
Жогорку вольттуу 110/35/6 кВ “Абдыкалыков” подстанциясынын жабдууларын жогорку чыңалуудан бошотуу максатында, бүгүн, 6-февралда шаардын түштүк кичи райондорунда электр энергиясын берүү кыска мөөнөткө токтотулат.
Бул жөнүндө “Түндүкэлектро” Ачык акционердик коомунан билдиришти.
Шаардын төмөнкү кичи райондоруна электр энергиясын берүү кыска мөөнөткө токтотулат:
- 18:00 дөн 20:00 гө чейин Асанбай кичи районунун айрым жерлерине, 6,11,12- кичи райондоруна;
- 20:00 дөн 22:00 гө чейин5,7,9-кичи райондорунун айрым жерлерине;
- 22:00 дөн 00:00 гө чейин7, 8, 9,10- кичирайондорго.
5-февралда баш калаада электр энергиясын суткалык пайдалануу 17 млн. кВт/саатты түздү, суткалык пайдалануу план боюнча 11,7 млн. кВт/саатты түзөт.
6-февралда 17 млн. кВт/саатты түздү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |