ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин аныктоо тартибин кароо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаарынын мэриясында көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин аныктоо тартибин кароо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаардык кеңешинин демилгеси менен өткөрүлдү.

Тегерек столдун ишине Бишкек шаарынын мэри, шаардык Кеңештин депутаттары, “Биздин укук” коомдук фондунун, курулушчулар кеңешинин “Көп кабаттуу үй” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Архитекторлор кеңеши жана жарандык сектор тарабынан сунушталган, көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин аныктоо тартиби жөнүндө маселе талкууланды.

Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов: “Бишкек шаарынын мэриясы шаардык Кеңештин депутаттары менен бирге аталган маселе боюнча бирдиктүү жобону иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барууну  улантат жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилет”,- деди.