ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Тогуз коргоол боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты аяктады

Чемпионаттын алкагында мелдештер жеке жана команда боюнча өткөрүлдү. Командалар арасында оюндар айлампа менен эркектер жана аялдар арасында өткөрүлдү, ал эми жеке мелдештер швейцария системасында 7 турдан турду.

Чемпионатка 8 оюнчудан турган 16 команда, жалпысынан 96 спортчу -  48 мырза жана 48 айым катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгында Бишкек шаарынын чемпиондугун Анарбек Жамакеев, экинчи орунду Мирлан Кудайбергенов, үчүнчү орунду Аким Нурсеитов жеңип алышты.

Ал эми айымдар арасында биринчи орунду Эльвира Кудайбергенова, экинчи орунду Эльмира Кудайбергенова, үчүнчү орунду Гүлжамал Сарыкеева камсыз кылышты.

Эркектер арасында командалык эсепте:


I        оруду –Октябрь районунун 1 командасы;

II       орунду –Биринчимай районунун 1 командасы;

III      орунду  –Ленин районунун 1 командасы

 
Аялдар арасында:


I        орунду  –Биринчи май  районунун 1 командасы;

II       орунду  –Биричи май районунун 2 командасы;

III      орунду –Ленин районун 1 командасы жеңип алышты.

Бишкек шаарынын чемпионатынын жыйынтыгы менен баш калаанын курама командасы түзүлдү жана курама комонда 2014-жылдын 28-февралынан 9-мартына чейин Ош шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол боюнча чемпионатына катышат.