ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биймырза Токторалиев: Учурда Бишкек шаарында гана эмес, Чүй облусунда да жашыл массив коргоого муктаж

Бишкек шаарынын мэриясында өткөн тегерек столдун ишине биология илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Биймырза Токторалиев катышып, өз пикирин билдирди.

“Бүгүнкү каралып жаткан маселе баарыбыз үчүн маанилүү жана шаарыбыз үчүн актуалдуу. Дүйнө жүзү боюнча өсүмдүктөрдүн, алардын түшүмүнүн 30% зыянкечтерден жапа чегет. Өсүмдүктөрдү лепидоцид дарысы менен дарылоо – зыянкечтер менен күрөшүүнүн туура жолу.

Учурда Бишкек шаарында гана эмес, Чүй облусунда да  жашыл массив коргоого муктаж. Шаардагы бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү дарылоо менен гана чектелбестен, шаарга катарлаш жайгашкан Чүй облусунун аймагындагы жашыл массивди дарылашыбыз зырыл”,- деди академик.