ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мырзаларды урологиялык кароолордун жумасы башталат

“Биз аталган акцияны жыл сайын өткөрүп турабыз. Быйыл акция жылдагыдан эрте башталды жана 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналат. Иш-чара 10-февралдан 15-февралга чейин шаарыбыздын баардык 19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, студенттердин жана куруучулардын бейтапканаларында өткөрүлөт.

Бул күндөрү адистер мырзаларды кабыл алып, акысыз кеңештерди беришет. Мындан тышкары, дарыгерлер лекцияларды окушат”,- деп билдирди Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев.