ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Новости района

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аракетте

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жана 2013-жылдын 5-мартындагы №114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” Токтомун аткаруу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси боюнча райондук администрациянын колдоосу менен мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адисин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына иш сапарга жөнөттү.

Аталган семинар 2014-жылдын  30-31-январында Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарында жана К.Тыныстанов атындагы  Ысык-Көл мамлекеттик   университетинде өткөрүлдү. Бул семинарга райондук администрациянын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси тажрыйба алмашуу максатында  иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча көргөзмө материалдарды жана иш кагаздардын үлгүлөрүн көрсөттү.