ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Феремондуу клей кармагычтарын бак-дарактарга жайгаштыруу натыйжалуу жыйынтыктарга ээ болгон жок

Шаардагы бак-дарактарды, жашыл массивди зыянкечтерден коргоо боюнча өткөрүлгөн тегерек столдун ишине Бишкек шаарынын мэриясынын “Жашылдандыруукурулуш” муниципалдык ишканасынын башкы агроному С.Кравер катышып, төмөнкүлөрдү билдирди: “Өткөн жылы шаардагы бак-дарактарды жана жашыл массивди зыянкечтерден коргоо багытында “Жашылдандыруукурулуш” муниципалдык ишканасы бир топ иш-чараларды жүргүздү.  Дуб жыгачтары өскөн 5 га аянтка 5 миң феромондуу клей кармагычтары жайгаштырылган. Ошондой эле 2 миң 480 га аянттагы бак-дарактарды “Лепидоцид СК-М” дарысы менен дарылоо жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралар, көптөгөн себептер боюнча биз күткөн натыйжага ээ болгон жок”.

“Феремондуу клей кармагычтарын дуб жыгачтарына жайгаштырууну зыянкечтердин саны өтө көбөйө электе, 2010-2011-жылдары баштаганда туура болмок”- дейт башкы агроном.

2014-жылы “Жашылдандыруукурулуш” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Чүй облусунун химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте зыянкечтердин көбөйүү жана жайылуу очокторун аныктап, изилдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзмөкчү.

С.Кравер  үстүбүздөгү жылы феромондуу клей кармагычтардын санын үч эсе көбөйтүү менен 1500 га аянтындагы бак-дарактарга жайгпштырууну, 3600 га аянтындагы өсүмдүктөрдү биологиялык дарылоодон өткөрүүнү сунуш кылды.