ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында шаардагы бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо маселесине арналган тегерек стол өз ишин баштады

Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардагы бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо маселесине арналган тегерек стол өз ишин баштады.

Иш-чарага Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын, “Жашылдар” партиясынын, жарандык сектордун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен уюштурулду.

Тегерек столдун ишин Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков ачып, “Шаарыбыздагы бак-дарактарды, жашыл массивди зыянкечтерден коргоо олуттуу маселе болуп саналат. Бүгүнкү иш-чара бул багытта иш алып барууда тажырыйба алмашуу, биргелешип иштөө жолдорун аныктоо максатында өткөрүлүп жатат”- деди.