ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Аба-ырайынын кескин өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу “Баардыгыңар лыжа тебүүгө” кышкы спорт майрамы 14-февралда өткөрүлөт

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, аба-ырайынын кескин өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу, мурда белгиленген “Баардыгыңар лыжа тебүүгө” кышкы спорт майрамын  өткөрүү мөөнөтү 7-февралдан 14-февралга жылдырылгандыгын маалымдайт.

Кышкы спорт майрамынын программасы мурда жарыяланган боюнча калтырылат.


Иш-чарага шаардык балдарды калыбына келтирүү жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары катышат.