ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар жолдорун кардан, муздан тазалоого Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы 351 тонна кум, 30 тонна техникалык туз жумшады

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар жолдорун кардан, муздан тазалоо иштерин таңкы саат 4-00до баштады.


Жолдорду жана тротуарларды тазалоо иштерине атайын техниканын 32 бирдиги – 18 МАЗ, 2 ЗИЛ автоунаалары, 5 кичи трактор, 3 грейфедик жүктөгүч жана 4 жүк ташуучу автоунаа чегерилди. Тазалоо иштерине 351 тонна кум, 30 тонна техникалык туз жумшалды.

Инерттик материалдарды жолдорго себүүнү 40 жумушчу аткарып, тазалоо иштерине жалпысынан 530 жумушчу чыкты.

Шаар жолдорун жана тротуарларды тазалоо иштери улантылууда.