Новости района

Октябрь райондук администрация башчысы 6-райондун тургундары менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрация башчысы 30-январда 6-кичи райондун тургундары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Райондун жетекчилиги менен тийиштүү кызматтардын башчылары жана өкүлдөрү да  катышты.

Кичи райондун жашоочулары жол боюндагы дүкөндөр менен соода түйүндөрүн алыс койдуруу, үйлөрдүн түбүнө коюлган машиналарды атайын автотранспорт коюуучу жайга токтотуу, үйлөрдүн алдындагы аянтчаларды калыбына келтирүү, тротуарга транспорт токтотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырында уюлдук операторлор антенналарын мыйзамсыз орнотулушу жөнүндө суроолорун беришти. Ошону менен бирге №13 үйдү жарык, №9 үйдүн газ менен камсыздоо маселеси коюлуп, мектепти айланта курчоо зарылдыгы, жаңгак багынын санитардык жана жаратылыш абалы, аны коргоо боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.



Кичи райондун ирригациялык тутуму, арыктардын абалы, №2 үйдүн жанына көп кабаттуу имарат тургузулуп жылуулук түтүктөрүн өткөргөндөн кийин арыктар жабылбай калганы, №140 бала бакчанын тротуары алдында арык билинбей калып сугаруу мүмкүндүгү жоктугу, куураган бактар кыйылбай турганы айтылды. Мындан сырткары, тазалык, таштанды чыгаруу, жолдорду иретке келтирүү жана башка маселелер боюнча суроолор райондун администрациясы жана кызматтар алдына коюлду.

Жолугушууга келген кызматтардын өкүлдөрү өз түшүндүрмөлөрүн берген соң, аким К.Токтосартов тарабынан райондук архитектура, “Зеленстрой” жана “Тазалык”, “Жылуулуктармагы”, “Батыш РЭС” ишканаларынын райондук тармактарынын, №9Муниципалдык аймак башкармалыгынын, администрациянын Турак-жай, курулуш чарбасы жана МАБ өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматчылары ар бир маселени жеринен барып карап, изилдеп, тийиштүү чара көрүп, жыйынтыгын арыз ээсине жана администрацияга билдирүү  талабы коюлду.