Биринчи май райондук администрация башчысы үч балалуу болгон үй-бүлөгө келди
- Подробности
- Опубликовано 31.01.2014 15:55
Бүгүн, 31-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрация башчысы А.Алиев, 2013-жылдын 30-декабрында үч балалуу болушкан Уланбек Абдрахмановдун жана Бактыгүл Молдотаеванын үй-бүлөсүнө, социалдык колдоо көрсөтүү максатында келди.
Биринчи май райондук администрация тарабынан жаш ата-энеге 64 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана белектер тапшырылды.
А.Алиев наристелерге жана алардын ата-энесине чың ден-соолук, ийгиликтерди жана жакшылыктарды каалады.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |