ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын убактылуу баш паанек берчүү мекемелерине 218 үй жайсыз адамдар, алардын ичинен 26 өспүрүм кабыл алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу Шаардын убактылуу баш паанек берчүү мекемелерине 218 үй жайсыз адамдар, алардын ичинен 26 өспүрүм кабыл алынды.

Алар үчүн мекемелерде ысык тамак уюштурулган. Ленин районунда Аялдар үчүн мээримдүүлүк борбору иш алып барууда, учурда 49 аял, алардын  ичинен 26 бала кабыл алынган. Октябрь району боюнча 120 адам, Свердлов району боюнча 80 адам, Биринчи май району боюнча 70 адам социалдык мекемелерде кармалууда.