ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы кезектеги рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы кезектеги санитардык рейдди Махатма Ганди көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө өткөрдү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө чарба субъекттерине айланасын, сугаруу тармактарын тазалап, тартипке келтирүү боюнча жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилди.

Рейддин жүрүшүндө Махатма Ганди көчөсүндөгү №347-үйгө каршы жайгашкан май алмаштыруу жайынын тегерегинде күйүүчү-майлоочу майларды уруксат берүүчү документтери жок эле баш аламандыкта сатууга жол берилген. Төгүлгөн майлар жерге сиңип, экологиялык эрежелердин талаптарын бузуп, өрт коопсуздугу сакталбайт.

СЭИ кызматы тарабынан жеке ишкердин атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.