ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 30-январда Биринчи май райондук администрациясында райондун 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2014-жылга милдеттери жөнүндө коллегия өткөрүлдү

Коллегиянын ишин райондук администрациянын башчысы А.Алиев алып барды жана Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары Р.Аматова, А.Иванова, Х.Алимбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Э.Мамыркалиев, шаардык кызматтардын жетекчилери, райондун активи катышты.


Райондук администрациянын башчысынын орун басары К.Бейшенов доклад жасап, 2013-жылы район метуллургия боюнча 110,4%, текстиль жана жеңил өнөр жайы боюнча 119,3%, кагаз өндүрүү боюнча 198,9%, химиялык өндүрүш боюнча 128,4%, минералдык азыктарды өндүрүү боюнча 137,4% өсүшкө жетишкендигин, чет элдик инвестициялардын келиши 2012-жылга салыштырмалуу 2,1 эсе жогорулагандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, коллегия мүчөлөрү жана катышуучулар 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жолдорун белгилешти.

Коллегиянын соңунда “Иштерман жылында” райондун социалдык-экономикалык өсүшүнө өз салымдарын кошкон кызматкерлер, жетекчилер Ардак Грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.