ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрация башчысынын шаар тургундары менен болгон жолугушуусунда коомдук транспорттун, лифттердин, светофорлордун иштери жана аялдама комплекстерин калыбына келтирүү маселелери талкууланды

29-январда Октябрь райондук администрация башчысы К.Токтосартов 12-кичи райондун жана “Жогорку Көк-Жар” конушунун  тургундары менен жолугушту. Жолугушуу “Биз жашаган районду жакшыртуунун жолдору” деген аталышта шаардын №71-орто мектебинде өттү.


Иш-чарага шаардык кызматтардын өкүлдөрү, райондун активи катышты. Жолугушууда коомдук транспорттун, лифттердин, светофорлордун иштери жана аялдама комплекстерин калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда белгиленген баардык кайрылуулар катталып, алардын үстүндө шаардык кызматтар иш алып барышмакчы.