ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарынын мэриясында шаардын бизнес коомчулугу менен тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында  шаардын бизнес коомчулугу менен тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик сатып алуулар, кызмат көрсөтүү, кеңеш берүү маселелери талкууланды. Тегерек столдун ишине Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары катышты.


Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы жана Ата-Мекендик гильдиялар ассоциациясы уюштурду.

“Замандаш-Современник” фракциясынын депутаты С.Епифанцевдин айтуусунда, күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо бизнес түзүмдөрүн шаар турмушуна катыштырууга багытталган. “Бүгүнкү тегерек столду өткөрүү баардыгыбыздын биргелешкен демилгебиз. Мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу дайыма эле таза жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө көп өзгөрүүлөр болду, ошондуктан бизнес чөйрөсүн жана шаар тургундарын шаар турмушундагы маселелердин үстүндө иштөөгө катыштыруу керек”,- деди депутат.

Тегерек столдун ишине катышкан Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов өз сөзүндө иш-чаранын маанилүүлүгүн жана бизнес чөйрөсү менен тыгыз байланыштын зарылдыгын белгилеп: “ Биргелешкен аракеттерибиз шаарды өнүктүрүүдө натыйжалуу жыйынтыктарды берет”,-деди.