ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Свердлов районунда имараттарды оңдоо жана электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу боюнча семинар өткөрүлдү

Иш-чара Свердлов райондук администрациясынын колдоосу менен CASEР  (Еврокеңеш) жана KYRSEEF фирмалары тарабынан уюштурулду.


Семинардын ишине ТЭШ (турак жай ээлеринин шериктештиги) төрагалары, ЖЧК (жоопкерчилиги чектелген коом) директорлору, ЖӨБ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш комитетинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын катышуучуларынын кароосуна  Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо Программасынын бет ачары сунушталды.

Семинарга 72 адам катышып, Бишкек шаарын Өнүктүрүү агенттиги тарабынан кызыктыруучу (үлүштүк) грант боюнча маалымат берилди.

2013-жылы 12 ТЭШ 12 долбоор боюнча 2 225 486 миң сом өлчөмүндө кызыктыруучу (үлүштүк) грант алышкан.

Гранттар үйлөрдү чатырларын оңдоо, жылуулук, ысык суу менен камсыздоо системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн материалдарды сатып алуу максатында алынган.