ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы жана СЭКМБ тарабынан түзүлгөн материалдарды кароо максатында Свердлов районунда көчмө комиссия өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында Свердлов району боюнча көчмө  административдик комиссия өткөрүлдү.

Көчмө комиссия Бишкек шаарынын Санитардык экологиялык инспекциясы (СЭИ) жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн мамлекеттик борбору (СЭКМБ) тарабынан түзүлгөн материалдарды кароо максатында өткөрүлдү. Атап айтканда, административдик жоопкерчиликтен баш тарткан, санитардык талаптарды аткарбаган ишкана, мекемелердин жоопкерчиликтери каралды.



Комиссиянын ишин Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары жетектеп, СЭИ, СЭКМБ, ММБ, Свердлов району боюнча МСКБ, “Бишкексууканал”, “Чыгышэлектро”, “Тазалык” ишканасынын жана №19-ЖӨБнын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйындардын жүрүшүндө “Чынар” базарындагы жана Аламүдүн-1 кичи районундагы 10 чарбасубъекттери боюнча материалдар каралды. Текшерүүлөр жүргүзүлгөн учурда 2 чарба субъекти жабык, 8 чарба субъекттинде тиешелүү документтер жок болуп чыкты.

Комиссия мүчөлөрү административдик эрежелерди бузгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана 12 миң сом өлчөмүндө айыптар тартылды.