ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын балдар бакчаларында немец тилин окутуу улантылат

Баш калаанын балдар бакчаларында немец тилин окутуу улантылат. Немец тили боюнча сабактарды жогорку окуу жайлардын бешинчи курстарынын студенттери беришет.

Өткөн жылдын ноябрь айында немец тилин окутуу боюнча добоор ишке киргизилген. Долбоор мектепке чейинки курактагы балдарды окутууга багытталган. Долбоордун максаты студенттер алган билимдерин өркүндөтүү менен мектепке чейинки мекемелерде колдонуу болуп эсептелет.



Сабакта кызыктыруучу оюндар, сүрөт тартуу, балдардын өз ара сүйлөшүүлөрү, ырларды жаттоо жана башка интерактивдик ыкмалар колдонулуп, көрсөтмө куралдар жана каражаттар пайдаланылат.

Немец тилин окутуу Бишкек шаарынын жети муниципалдык мектепке чейинки мекемелеринде баш калаанын мэриясынын колдоосу менен Алматы шаарынын Гете-Институту тарабынан жүргүзүлүүдө.

Балдар менен ийгиликтүү иштөөнү камсыз кылуу максатында студенттер арасында семинарлар өткөрүлдү.