ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында Ленинграддын блокададан бошотулгандыгынын 70 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлдү

Бүгүн, 27-январда Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында Ленинграддын блокададан бошотулгандыгынын 70 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Д.Нарымбаев, Россиянын КР элчиси А.Крутько, Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова, Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери жана Ленинград блокадасынын катышуучулары катышты.



Эскерүү митингинин катышуучулары мүнөттүк аза күтүү менен блокадада курман болгондорду эскеришти, блокадачылардын эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Эскерүү митингин Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин кайрылуусун окуп берүү менен Президенттин аппарат жетекчиси Д.Нарымбаев ачты.

Андан кийин Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Крутько, Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова сөз сүйлөштү.

Азыркы учурда Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун 35 мүчөсү бар, алардын 28и Бишкек шаарында жана 7сү республиканын региондорунда жашашат.

Бишкек шаарынын мэриясы блокадачыларга социалдык жардамдарды көрсөтүп турат. Аларга: бир жолку берилүүчү материалдык жардамдар, блокаданын 70 жылдыгына карата төлөнүүчү 2000 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул, 1200 сом өлчөмүндөгү квартал сайын берилүүчү стипендия, коомдук транспортто акысыз жүрүү жана башка жардамдын, колдоонун түрлөрү кирет.